Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:15

Гезит: АКШнын чалгын агенттиги испандардын телефондорун тыңшаган


АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттиги былтыр 10-декабрдан тарта бир ай бою Испаниянын жарандарынын 60 миллиондон ашуун телефон сүйлөшүүлөрүн текшерген. Бул тууралуу кечээ АКШнын чалгын кызматтарынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге шилтеме менен “Эл Мундо” гезити жазды.

Басылма аталган агенттик "номурларды топтоп, абоненттердин каерде экенин жана кимдерге чалганын текшерген, бирок сүйлөшүүнүн мазмунун тыңшаган эмес" деп жазат.

Мунун алдында АКШнын чалгын агенттиги немис канцлери Ангела Меркелдин чөнтөк телефонун тыңшаганы жөнүндө маалымат АКШ менен Германиянын мамилесин суутканы айтылган.

XS
SM
MD
LG