“Ак-Кеме” мейманканасында “Мамлекеттик саясат жана стратегия: натыйжалуу өнөктөштүктү куруу” деп аталган эки күндүк форум ишин баштайт. Иш-чарага өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышат. Жыйында өкмөттүн өкүлдөрү жана Кыргызстандын эксперттик коомчулугу түрдүү суроолор боюнча пикир алышып, биргелешип аракеттенүүнүн механизмдерин иштеп чыгышмакчы.
Талкууга: Кыргызстандын эл аралык аброю, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн жана саясий туруктуулукту камсыздоодо мамлекеттик башкаруу жана реформа маселеси, 21-кылымдагы билим берүүнүн артыкчылыктары жана баалуулуктары жана ошондой эле жаратылыш байлыктарын башкаруу маселеси коюлат.
Форум кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен “Сорос-Кыргызстан” уюмунун колдоосу алдында уюштурулууда.(ZKo)