"Кыргызстандан 100 тажрыйба" аттуу китептин бет ачары Лондондо 8-ноябрда болот. Бул тууралуу Британиядагы Кыргыз элчилиги кабарлады. Аты аталган китеп англис тилинде Кыргызстанга сапар тарткан туристтерге чоң көмөк көрсөтүү максаты менен чыгарылды. Китептин бет ачары Борбор Азия китеп форумунун алкагында өтөт.
Китеп менен бирге Кыргызстандын туристтик потенциалы, көчмөндөрүн жашоосу, асман тиреген тоолору жана Улуу Жибек жолу тууралуу презентация да уюштурулат.
Ник Роуэн жазган китепти Лондондогу Кыргыз Элчилиги, Кыргызстан туроператорлор ассоциациясы жана "Хартфордшир Пресс" басмаканасы биргелешип чыгарышты. (BAz)