Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Баткен: калк 62,5 пайыз көмүр менен камсыз болду


Баткен облусу боюнча катталган 92702 кожолуктарда 430142 калк жашайт. Анын басымдуу бөлүгү борборлоштурулган жылуулук системасы менен камтылган эмес. Район-шаарлардын болжолдуу көрсөтмөсү боюнча калк 62,5 пайыз, билим берүү тармагы 76,3 пайыз көмүр менен камсыз болгон.

2013-жылдын 9 айында Баткен областынын аймагындагы 19 көмүр көмүр казуучу ишканалар тарабынан 140,6 миң тонна көмүр өндүрүлгөн. Анын 20 пайызга чукулу Тажикстанга экспорттолгон. Сүлүктү шаарында өндүрүлгөн көмүр тоннасы 3750 сомдон 5500 сомго чейин сатылууда. Облус борбору Баткен шаарында 8500 сомдон 11000 миң сомго чейин жетүүдө.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG