Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

ИИМ Академиясынын мурдагы жетекчилери соттолду


Бул маалыматты “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан бүгүн тастыктады. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Ички иштер министрлигинин Академиясынын жетекчиси Алмаз Базарбаев жана анын орун басары Рахматилло Амираевге карата өкүмүн угузду. Ага ылайык, Рахматилло Амираев “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “пара алуу” беренелери боюнча 11 жылга эркинен ажыратылды. Базарбаевге “шалаакылык” беренеси менен 100 миң сом айып пул төлөө жана 3 жыл мамлекеттик кызматта иштей албайт деген өкүм чыкты.

Академиянын жетекчиси Алмаз Базарбаев жана анын орун басары Рахматилло Амираев паракорчулукка шектелип, ушул жылдын март айында кармалган болчу. Амираев окуу жайда иштеген бир айымдан кызматтык маселесин оңунан чечип берем деп 100 миң сом алып жатканда кармалган. УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызмат Амираевдин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башка валютадагы ири өлчөмдөгү акча табышкан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG