Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Москва: кармалгандар арасында эки кыргызстандык бар


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. Кечээ, 28-октябрда Москванын “Садовод” деген базарында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын миңдей мигранты кармалган. Полиция алардын кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерип жатканын кабарлаган. Кулукееванын айтымында, элчиликтин кызматкерлери учурда эки милиция бөлүмүн текшерип чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, анда эки кыргызстандык бар экени аныкталды. Калган бөлүмдөр да бүгүн текшерилет.

Орусияда соңку айларда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер күчөтүлгөн. Тышкы иштер министрлигинин жалпы консулдук маселелер боюнча бөлүм башчысы Бакыт Үмөтов быйыл жыл башынан бери Орусиядан чыгарылган кыргызстандыктардын саны 950 адамга жеткенин кабарлаган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG