Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Өкмөт жылына 50 миң жумушчу орун түзүүнү пландоодо


Бул тууралуу бүгүн экономика министри Темир Сариев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү программасын талкуулаган парламенттик угууда билдирди. Анын айтымында, алдыдагы беш жылда өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн орточо өсүшү 8 пайыздын тегерегинде болот. 2013-жылдагы ички дүң өнүм 354 млрд. сом болсо өкмөт аны 2017-жылы 900 млрд. сомго жеткирүүнү болжоп жатат. Ошондой эле туруктуу өнүктүрүү программасына ылайык, жыл сайын 50 миң жумушчу орун түзүп, беш жылда 10 миң гектар жаңы сугат жерин өздөштүрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG