Президенттин аппараты мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун айткандарына жооп кайтарып, анын божомолун акылга сыйбаган иш деп баалады. Ошондой эле Акундун айыптоолору жеке таарынычтарга негизделгени белгиленген.
Бүгүн Турсунбек Акун маалымат жыйынын өткөрүп, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аттыккан Азиз Батукаев түрмөдөн эрте бошоп кетишинин артында президент Алмазбек Атамбаев турушу ыктымалдыгын айткан. Ошондой эле Батукаев абактан чыккандын эртеси ага УКМК жетекчиси Бусурманкул Таабалдиев телефон чалганын, президенттин тапшырмасы менен Данияр Нарынбаев экөө иштегенин билдирген.
“Аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаевди, УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиевди дагы бул чатакка аралаштыруу боюнча анын бир канча жолку аракети дагы ушул сыяктуу баага татыктуу. Президент аталган ишти дыкаттык менен терең иликтөө зарылчылыгы тууралуу буга чейин билдирген. Бул маселе боюнча жыйынтыктарды укук коргоо органдары чыгарууга тийиш”, - деп жазылган президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан билдирүүдө. (КЕ)