Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Кыргызстан-Украина 79 млн. долларга соодалашты


2013-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан-Украина 79, 1 млн. долларга соодалашкан. Бул эки мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн алда канча төмөн экени 29-октябрда Кыргызстандын Киевдеги элчиси У. Чиналиев менен Украинанын соода палатасынын президенти Г. Чижик ортосунда болгон ырасмий жолугушууда белгиленди.

Кыргыз элчилигинин маалымдашынча, Г. Чижиков Кыргызстандын жеңил өнөр-жай ишканаларынын товарларын Украинанын базарында сатууга жигердүү көмөктөшүү боюнча сунушту колдоду. Киевде болгон жолугушууда эки арадагы соодага бөгөт болгон тоскоолдуктарды жеңилдетүү, айыл чарба, өнөр-жай жана башка тармактардагы кызматташууну жакшыртуунун жолдору да талкууланды.

Кездешүүгө Кыргызстандын консулу Б. Кадыркулов, КРнын Соода жана өнөр-жай палатасынын өкүлү А. Исмаилов, Украинанын Соода жана өнөр палатасынын эл аралык экономикалык кызматташуу башкармалыгынын директору В. Король, “Деловой вестник” журналынын редактору Н. Копецька- Денгина катышты.(AU)

XS
SM
MD
LG