Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

АКШнын чалгын кызматы телефон тыңшоолор тууралуу түшүндүрмө берди


Мамлекет башчыларынын пландарын тыңшоо –чалгын кызматынын башкы максаты деп билдирди АКШ чалгын кызматынын башчысы Жеймс Клэппер Конгресстеги угуу учурунда. Ал ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын аңдуу бардык өлкөлөрдүн чалгын кызматтары тарабынан жүргүзүлөрүн, Евросоюздун аңдуусунан америкалык аткаминерлер да куру эместигин кошумчалады. Клэппер менен АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин башчысы Александр Кит шейшембиде Конгресстин коопсуздук палатасында маалымат беришти.

Өткөн жумада эл аралык маалымат каражаттары АКШнын мурунку чалгын кызматкери Эдуард Сноуденге шилтеме кылып, АКШнын чалгын кызматы чет мамлекет лидерлеринин телефонун тыңшары тууралуу жазып чыгышкан. Бул өз кезегинде Евробиримдик өлкөлөрүнүн тескери маанайын жараткан.

XS
SM
MD
LG