Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Бир тууган Навальныйларга жаңы айып тагылды


Кремлди ачык сындап келген оппозиционер Алексей Навальныйга бир тууганы Олег менен кошо “Ив Роше” косметика компаниясынан 26 млн. рублди кымырып алган деген айып тагылууда. Орусиянын тергөө комитети Навальныйларга каршы кылмыш иши "Ив Рошенин" Орусиядагы бөлүмүнүн арызына байланыштуу козголгонун билдирди. Эгер күнөөсү далилденсе, Навальный он жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Алексей Навальный өзүнө тагылып жаткан айыпты “абсурд” деп атап, президент Путиндин режимин сындаганы үчүн бийлик ушундай күрөш жарыялап жатат деген пикирин айтты.

XS
SM
MD
LG