Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:19

Жолдордун долбоору коомчулук талкуусуна коюлат


Талкуу бүгүн КР Транспорт жана байланыш министрлигинде болот. Анда жаңы курулуучу төрт жолдун курулушу боюнча долбоор каралат. Булар: Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Бишкек-Нарын-Торугарт кан жолунун 4-фазасы, Бишкек-Кара-Балта жана Жалал-Абад –Маданият жолдорунун курулушу боюнча долбоорлор. Жыйында буларга донорлор тарабынан бөлүнүүчү акча маселеси каралат.

Транспорт жана байланыш министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Талантбек Саадакбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча талкууга министрлик, өкмөт өкүлдөрү, ЖК депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун курууну Кытайдын “Экспорт-Импорт” банкы каржылоодо, аталган банк жакында бул үчүн 400 млн. доллар насыя берүү тууралуу кыргыз өкмөтү менен келишимге кол койгон. Бишкек –Кара-Балта жолунун курулушун Азия өнүктүрүү банкы, ал эми Жалал-Абад –Маданият жолунун курулушун Европа өнүктүрүү банкы каржыламакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG