Кечээтен бери өтүп жаткан иш-чарага бүгүн 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышат. Бүгүнкү күн тартибине 21-кылымдагы билим берүүнүн артыкчылыктары жана баалуулуктары, жаратылыш байлыктарын башкаруу маселеси коюлган. Бул маселелер боюнча кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү арай көз чарай отуруп талкуулап, андагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун карап чыгышат.
Форум кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен “Сорос-Кыргызстан” уюмунун колдоосу алдында уюштурулууда. (ZKo)
Форум кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен “Сорос-Кыргызстан” уюмунун колдоосу алдында уюштурулууда. (ZKo)