“Кылым жолу” коомдук уюмунун төрагасы, милициянын запастагы полковниги Урмат Мамбетовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча анда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү саналган Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча талкуу болот.
Тегерек столго жарандык коомдун өкүлдөрү, ЖК депутаттары, саясатчылар жана ИИМ ардагерлери катышат. Уюштуруучулар Азиз Батукаевдин камактан бошоп кетүүсүнө шарт түзгөн аткаминерлер жазасын алышы керек деп талап кылышууда. Мурдараак алар Батукаевдин камактан мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткенин иликтеген Парламенттик комиссиянын жыйынтыгы менен парламент кабыл алган токтомду ишке ашыруу талабы менен бийликке кайрылышкан болчу.(ZKo)