Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Тажикстанда журналист 11 жылга эркинен ажыратылды


Журналист Махмадюсуф Исмоилов дүйшөмбүдө Жогорку Сот тарабынан жергиликтүү аялды опузалоо жолу менен акча талап кылган деп табылды. Исмоилов өзүнө тагылган айыпты жокко чыгарып, муну жергиликтүү бийликти ачык сындап жазганы менен байланыштырууда.

Тажикстандын Журналисттер союзу Жогорку Сот тарабынан журналист Махмадюсуф Исмоиловдун 11 жылга кесилишине нааразылык билдирип, бул сөз эркиндигинин принциптерин бузат деп айтып чыкты. Бул тууралуу союздун жетекчиси Нуриддин Каршибоев “Азаттыкка” билдирди.

2011-жылы октябрда Махмадюсуф Исмоилов жалган жалаа жапты деген күнөө менен акчалай жаза айыпка жыгылып, төрт жылга чейин журналисттик ишмердүүлүк кылуудан четтетилген болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG