Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Исаков: Улуттук гвардиядагы объекттерге тиешем жок


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ал коргоо министри болуп турган убакта Улуттук гвардия аталган министрликке караштуу эмес болчу.

Улуттук гвардиянын аймагына мыйзамсыз курулуш куруу жана тарыхый эстеликтерди мамлекеттик тизмеден чыгаруу фактысы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Маалыматта айтылгандай, иш Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча козголду. Маалымат каражаттарында буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары Феликс Кулов, Исмаил Исаковдун аттары аталган.

Башкы көзөмөл органы Бишкектеги №1 аскер шаарчасындагы Улуттук гвардияга таандык объекттердин "ЮНИС-Курулуш" ишканасына мыйзамсыз берилүүсүн иликтеп чыккан. Ага ылайык, аталган объект 2006-жылы январь айында Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан атайылап 32,5 млн. сомго арзандатылып, 46 млн. сом деп бааланган. Ал эми Бишкек мэриясынын токтому менен Улуттук гвардияга тиешелүү 1,6 гектар жер “ЮНИС-Курулуш” ишканасынын менчигине өткөрүп берилип, көп кабаттуу менчик турак үйдүн курулушуна уруксат берилген.

Исаков 2006-жылы коргоо министри, ал эми Кулов премьер-министр болуп турган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG