Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:57

Ирсалиев: Курулуш курууда мыйзам бузуу болгон эмес


Бул тууралуу "ЮНИС-Курулуш" ишканасынын ээси Рахатбек Ирсалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 1,6 гектар жер өкмөт токтому менен мыйзамдуу берилген.

- 2006-жылы өкмөттүн токтому чыгып, 2008-жылы 300 орундуу аскердик беш кабаттуу казарма, 200 орундуу ашкана салынып Улуттук гвардиянын курамына өткөрүлүп берилген. Мындан сырткары ал жерге клуб, медициналык-санитардык бөлүк жана чакан чайкана курулган. Башкы прокуратура муну текшерип, туура деген тыянак чыгарат деп ишенем. Анткени бул жакта мыйзам бузуу болгон эмес, - дейт Ирсалиев.

Башкы көзөмөл органы Бишкектеги №1 аскер шаарчасындагы Улуттук гвардияга таандык объекттердин "ЮНИС-Курулуш" ишканасына мыйзамсыз берилүүсүн иликтеп чыккан. Ага ылайык, аталган объект 2006-жылы январь айында Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан атайылап 32,5 млн. сомго арзандатылып, 46 млн. сом деп бааланган. Ал эми Бишкек мэриясынын токтому менен Улуттук гвардияга тиешелүү 1,6 гектар жер “ЮНИС-Курулуш” ишканасынын менчигине өткөрүп берилип, көп кабаттуу менчик турак үйдүн курулушуна уруксат берилген.

Маалымат каражаттарында буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары Феликс Кулов, Исмаил Исаковдун аттары аталган. Өкмөттүн токтомуна Кулов кол койгон. Исаков 2006-жылы коргоо министри, Кулов премьер-министр болуп турган. Исаков буга тиешеси жоктугун айтууда, Кулов иш сапарда болгондугуна байланыштуу пикир алуу аракетибизден майнап чыккан жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG