Көпчүлүк депутаттар “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” ишканасына сатуу боюнча келишим менен таанышууга убакыт сурашты. Бүгүн Жогорку Кеңеш буга байланыштуу келишимди ратификациялоо маселесин карады. Анда айрым эл өкүлдөрү келишим чукул, шашылык каралып жатканына нааразылык билдиришти. Ошентип көпчүлүк добуш менен бул маселе кийинки аптада каралмай болду. Бүгүн өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бул маселени тезинен карап, чечип берүүсүн Жогорку Кеңештен өтүнгөн.
"Кыргызгаз” ачык акционердик коому ушул жылдын 26-июлундагы Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагында кызматташуу келишимине ылайык, Орусияга 1 долларга сатылган. Ушул дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети “Кыргызгаздын” 100% үлүшүн Орусиянын “Газпром” ишканасына сатууга макулдугун берген.
Энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаевдин бүгүн парламентте айтканына караганда, келишим негизинде “Газпром” толугу менен Кыргызстандагы газ керектөөчүлөрдү камсыз кылат. Беш жыл ичинде 670 млн. доллардын тегерегинде каражат инвестиция кылышы керек. Бул каражат Бишкек, Ош баштаган ири шаарлардагы газ куурларды, түтүктөрдү жаңыртууга, көгүлтүр отун жетпеген шаарларга газ жеткирүү курулуштарына жумшалат.
Мындан сырткары 100 млн. доллардай каражат Кыргызстандагы газ кендерин изилдөө, бул багытта иштелбей жаткан жайларды аныктоо, геологиялык чалгындоо иштерине жумшалат. (КЕ)