Бул тууралуу Индиядагы маалымат каражаттары жазышты. Пенжаб провинциясындагы кишинин 13 жаштагы кызы Куран боюнча сабакка бараткан жеринен эки киши тутуп алып, зордукташканы айтылат. Аны талаада тирүүлөй көмүп салышкандан кийин кыз эптеп үйүнө кайтып келе алган. Атасы полицияга кайрылса, алар кылмыш ишин ачпай коюшкан. Бирок Лахордогу сот бул тууралуу билгенден кийин полицияга ишти териштирүүнү буйруду.