Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Беларуска киргизилген жазалардын мөөнөтү дагы бир жылга узарды


Муну Евробиримдик Беларуста саясий туткундагылардын дале түрмөдө калып жатышы, адам укуктары басмырланып, демократияда жана сот системасында реформа жасалбай жатышы менен түшүндүрдү.

Евробиримдикке киргизилбей тургандардын “кара тизмесинде” беларустук 232 киши бар. Алардын жана 25 ишкананын шаркеттеги банк эсептери да келерки жылдын 31-октябрына чейин жабык болот. Постсоветтик алты өлкөнүн катарында Беларус да келерки айда Евробиримдиктин Вильнюста өтө турган Чыгыш Өнөктөштүгү саммитине катышканы жатат. Бул өлкөлөр - шаркет менен тыгызыраак иштешүүнү каалагандар. Июнда биримдик Беларус менен “дипломатиялык алаканы жакшыртуу үчүн” өлкөнүн Тышкы иштер министри Уладзимир Макейди аталган “кара тизмеден” чыгарган болчу.

XS
SM
MD
LG