Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Ирактагы жардыруулардан кеминде 19 адам набыт болду


Эки жанкечти кечээ түнү Багдадда сунни козголоңчуларынын лидеринин үйүнүн жанында өздөрүн жардырып жиберишкен. Аскерлер менен полициядан 11 адам мерт болду, дагы 19 киши жаракат алды. Түндүктөгү Мосул шаарында болсо полициянын имаратынын жанында жардыргыч заттарга жык толтурулган машине жарылып, кеминде сегиз адам мерт болду. Азырынча бул жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Быйыл жыл башынан бери Ирактагы чабуулдарда 7 миңден ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG