Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Саруулуктардын сабалышы боюнча иш козголгон жок


Бул тууралуу бүгүн баш прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште билдирди. Бүгүн эл өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылындагы кырдаал, Кумтөр маселеси боюнча митингде кармалгандардын сабалышы боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматын угууда. Салянованын айтымында, митингдин катышуучулары сабалып-сабалбаганы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

“Кармалгандардын денесинде жаракат бар. Бирок аларды кармоо учурунда күрөштүн (самбонун) ыкмалары колдонулган. Жаракат ошол учурда алынган”, - деди баш прокурор.

Депутат Равшан Жээнбеков митингге катышкандар кармоо маалында эмес, шаардын сыртында сабалганын, буга бийлик кылмыштуу топтун өкүлдөрүн колдонгонун белгиледи. Ал митингге катышкан адамдардын укугу бузулганын айтып, кылмыш ишин козгоону сунуштады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG