Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Бүгүн репрессия курмандыктарын эскерүү күнү


Бүгүн, 30-октябрь саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү. Бул күн Орусияда жана эски совет республикаларында белгиленет. Бул күнү адатта коммунисттик режимдин тушундагы мамлекеттик репрессиялардын, миңденген адамдарды массалык көчүрүүлөрдүн, эмгек лагерлерине айдоонун курмандыктары укук коргоочулар тарабынан эскерилет.

Кыргыз интеллигенциясынын 1938-жылы атылган 137 өкүлүнүн сөөгү 1991-жылы Бишкектин тоо тарабындагы Чоң-Таш деген жерден табылып, кайра жерге берилүү менен бул жерге "Ата-Бейит" деген ат берилген. Кыргызстанда репрессияга кабылган атуулдардын басымдуу бөлүгү 1938-жылы 6-жана 8-ноябрда атылганы айтылат. Кыргызстанда укук коргоочулар 8-ноябрда “Ата-Бейитке” барып, репрессия курмандыктарын эскеришет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG