Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:41

Кытайда Тяньаньмэндеги теракт үчүн айыпталгандар табылганы кабарланды


Дүйшөмбүдө Бээжиндеги башкы аянтта машине элди тепсеп барып күйүп кеткен. Андан беш киши өлүп, 38 адам жаракат алган. Полициянын бүгүнкү билдирүүсүндө ал окуя “алдын ала даярдалган теракт” катары сүрөттөлөт. Бүгүн кытай телеканалынын кабарларында бул тууралуу: "Полиция алдын ала пландалып жасалган теракттын күнөөкөрлөрүн тапты. Тергөөнүн алгачкы жыйынтыгына караганда, ага тийиштиги бар беш кишинин баары камалды", - деди кабарчы.

Кармалгандардын ысмы Шиңжаң автономиясында жашаган уйгурлардын атына үндөш экени айтылууда. Кытай түндүк-батыштагы бул региондо сепаратисттик уюмдарды террористтик чабуулдар үчүн айыптап жүрөт. Уйгурлар болсо Кытай бийликтерин аларды басмырлоо уланып жатканы үчүн күнөөлөшөт.

XS
SM
MD
LG