Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Кумтөр боюнча он кылмыш иши козголду


Бул тууралуу баш прокурор Аида Салянова бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Кумтөр маселесине байланыштуу ушул жылы Мамлекеттик каттоо кызматына “салыкты жашырган”, “коррупция”, “кызматтан аша чапкан” деген беренелер боюнча төрт кылмыш иши козголгон. Андан сырткары адвокаттык мекемеге карата кылмыш иши ушул жылы кайрадан жанданган. Ал эми экология маселесине байланыштуу кылмыш иши 24-октябрда козголду.

- Депутатка тийешелүү болгондуктан ошол кезде биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри болуп турган Курманбек Осмоновдун үстүнөн кылмыш ишти мен өзүм козгодум. Бул 303-коррупция беренеси. Осмонов дарыланып жаткандыктан тергөөнү токтотуп тургула деп авдокаты кайрылгандыктан тергөө амалдары токтоп турат, - деди Салянова.

Бүгүн Жогорку Кеңеш "атажуртчу" депутат Курманбек Осмоновго кылмыш иштин козголушу боюнча маалымат алуу үчүн Салянованы чакырткан. Мунун алдында Осмонов да сөз сүйлөп, эч жакка качпай тургандыгын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG