Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Тогуз айда 1,1 млрд. кВт саат электр энергиясы үнөмдөлдү


Ошондой эле энергетика иштеп чыгуудагы суунун чыгашасы да 1 млрд. куб метрге азайды. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча үнөмдөөлөр электр энергиясын экспорттоонун төмөндөшүнө жана жоготуулардын кыскарышына байланыштуу болду. Маалыматка ылайык, июль-август айларында сыртка сатууга мерчемделген 500 млн. кВт саат электр энергиясынын ордуна Казакстанга 366 млн. кВт саат гана сатылган.

Тогуз айда республика боюнча 9,64 млрд. кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан, анын ичинен 9,01 млрд. кВт сааты Токтогул суу сактагычынан, 540 млн. Бишкек жылуулук борборунан иштелип чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG