Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Бишкектеги сатылып жаткан жерлер боюнча маалымат берилет


Шаардын айрым тургундары мэриянын “бир метр да жер сатылган жок” деген сөзүнө карабай 2010-жылдан бери шаардагы социалдык-маданий маанидеги жерлердин баары сатылып, турак-жай курулуштары түшө баштаганын билдиришүүдө. Алар бүгүн журналисттер үчүн көчмө жыйын уюштурмакчы. Анда Совет жана Донецк көчөлөрүнүн кесилишиндеги ооруканага караштуу жана 8-кичирайондогу балдар бакчасына тиешелүү жерге курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр, Карагач паркындагы массалык курулуштар, шаардагы балдар аянтчаларына, көчөлөргө эсептелген жерлерге чейин сатылып кеткени тууралуу маалымат берилет.

Буга чейин айрым коомдук уюмдардын, шаардык тургундардын аракеттери менен балдар аянтчаларына турак-жай тургузууга мүмкүнчүлүк берилген эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG