Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров айтып чыкты. Ал милиция кызматкерлеринин айлыгы аздыгын, материалдык-техникалык абалы начар экенин жана кийим-кечесине да каражат бөлүнбөй турганын белгиледи.
-Митинг болгон жерде алар ур-токмокко кабылып жатышат. Көп учурда ошолор күнөөлүү болуп калууда. Алардын укугун ким карайт? Өкмөт дагы, биз дагы буга көңүл бурбай жатабыз, - деди эл өкүлү.
1-ноябрь милиция кызматкерлеринин кесиптик күнү. Кыргызстандын милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн. (КЕ)