Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында "республикачы" депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп райондорунда быйыл январдагы жер титирөөдөн жабыркагандар өкмөт бөлгөн жардамды ала албай жатышат. Айрымдары ошол убактан бери үй-жайсыз, туугандарынын үйүндө жашап жүрөт. Мындан улам депутат өкмөткө бул маселени тезинен чечүүнү өтүнүп кайрылды. Ал жабыркагандардын абалын билүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-январда болгон 6 баллдык жер титирөөдөн Ысык-Көлдө 130га жакын үй жараксыз абалга келгенин, муну оңдоо үчүн 26 миллион сомдон ашык каражат керектигин билдирген болчу.(KE)