Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Кышында энергетикага баа көтөрүлбөйт


Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Бишкекте өткөн энергетика тармагын реформалоого арналган эл аралык жыйында билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу баа маселеси көтөрүлбөй келген.

- Кышында тариф ушул бойдон калат, бирок бул келечекте да баа көтөрүлбөйт деген маанини бербейт. Өкмөт инвестициялык климатты жакшыртууга аракет кылат”, - деди Сатыбалдиев.

Бүгүн Бишкекте энергетика тармагын реформалоо, уурдоолорду азайтуу, бул маселе менен күрөшүү жолдору, кардарларга сапаттуу кызмат көрсөтүү, тариф саясаты, нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу маселелери талкууланууда. Энергетика жана өнөр жай министрлигинен “Азаттыкка” билдиргендей, ага эл аралык уюмдун өкүлдөрү, Грузия, Болгария, Армениядан келген жана жергиликтүү эксперттер катышууда.

Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер төмөн экени көптөн бери айтылып келет. Америкалык ЮСАИД уюмунун жардамы менен Кыргызстандын электр энергиясынын өздүк наркы иликтенген. Анда электр энергиясына тарифтер 1 сомдон бир аз ашкан күндө да, тармак оор абалдан чыга албасы белгиленген. Баа кеминде 2 сомго жеткирилсе, кошумча 10 млрд. 400 млн. сом түшүп, энергетика тармагынын өнүгүүсүнө шарт түзүлөт деп эсептелген. Электр энергиясы азыр калкка 70 тыйындан сатылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG