Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

9 айда ички дүң продукция 9,2% өстү


Былтыркыга салыштырмалуу Кыргызстанда ички дүң продукция 9,2% өстү. Анын ичинде айыл чарба, курулуш, өндүрүш тармактарында өсүү болгон. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тогуз айдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. Ал муну өкмөттүн жакшы иштөөсүнүн көрсөткүчү катары баалады.

Ал эми Кумтөр маселесине токтолгон Сатыбалдиев, Кыргызстандын үлүшүн 67,7% пайызга жеткирүү мүмкүн эместигин кошумчалады. Ошондой эле ал парламент бул багытта популисттик чечим чыгарды деп айтты. “Кумтөр токтоп калса бюджетке 8 млрд. сом түшпөй калат. Жети миңге жакын адам жумушсуз калат”, - деди өкмөт башчы.

Жогорку Кеңеш 23-октябрда Кумтөр боюнча меморандумду карап, четке каккан. Көпчүлүк депутаттар Кыргызстандын үлүшүн өкмөт сунуштагандай 50-50 эмес, 67% жеткирүүнү талап кылышкан. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG