Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Жогорку Сот Эралиевге байланыштуу түшүндүрмө берди


Жогорку Сот “Тумар” радиосунун режиссеру Жаныбек Айдаралиевди өлтүрдү делген Максат Эралиевдин түрмөдөн чыгышына байланыштуу түшүндүрмө берди. Маалыматта айтылгандай, Эралиевге чыгарылган өкүм Айдаралиевдин туугандарынын өтүнүчү менен жумшартылган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту былтыр 24-майда Максат Эралиевди жасалма документтерди алып жүргөн, чек арадан мыйзамсыз өткөн жана адам өмүрүнө атайылап зыян келтирди деп 14 жылга эркинен ажыраткан. “Соттун өкүмүн жумшартууга Эралиевдин атасынын каза болгону, апасынын оорулуу экени жана маркум Айдаралиевдин туугандарынын кайрылуусу негиз болду”, - дейт Жогорку Соттун маалымат кызматы.

Эралиевден мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулушу коомчулуктун нааразылыгын жараткан. “Тумар” радиосунун режиссеру Жаныбек Айдаралиев былтыр күзүндө өзү иштеген түнкү клубдун кире беришинде катуу сабалган. Ал алган жаракатынан көз жумган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG