Ушул тапта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун администрация алдында эл менен жолугушууда. 7-канал телекомпаниясынын кабарчысы Рамис Каимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, жолугушуу башталар алдында жарык өчүрүлүп, микрофондор иштебей калган. Муну Ташиев жергиликтүү бийликтин тоскоолдугу катары баалады. Жолугушууда азыркы өлкөдөгү саясий кырдаал, Кумтөр, июнь окуясы туурасында сөз болууда.
Ташиев Кумтөр элдин кызыкчылыгына чечилиши керектигин, муну Жогорку Кеңеш чече албаса тарашы зарылдыгын белгиледи. Жолугушууга келгендер 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча негизги күнөөкөрлөр кармалбай жатканына нааразылыгын билдиришүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, ага үч миңден ашуун адам катышууда.
Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаев жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай тоскоолдук болбогонун, жолугушууга 300дүн тегерегинде адам катышып жатканын “Азаттыкка” билдирди.
Соңку учурларда Камчыбек Ташиев жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. (КЕ)