Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Кумтөр боюнча сүйлөшүү ноябрда уланат


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин бүгүн маалымат жыйында айтканына караганда, Кумтөр маселеси боюнча “Центерра Голд” менен сүйлөшүү ноябрдын ортосуна белгиленди. Ушул тапта үч багытта сүйлөшүү боюнча даярдыктар көрүлүп жатат. Алар: Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү, 50/50 пайыз боюнча меморандумду калтыруу жана келишимден бир тараптуу чыгып, улутташтыруу. Өкмөт башчы Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүү мүмкүн эместигин, депутаттар бул багытта популисттик чечим чыгарганын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 23-октябрда Кумтөр боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду четке каккан. Депутаттар Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга көтөрүүнү жана мурдагы келишимдерден бир тараптуу чыгууну сунуштаган. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG