Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Өзбекстанда студентти пахта терген мардикер өлтүрдү


Анжияндын полициясынан “Азаттыктын” өзбек редакциясына билдиришкендей, 25 жаштагы Ботир Юлдошев деген кишиге азыр Зулфия Ахмедовага жана анын апасына чабуул койгон деген айып тагылып, кылмыш иши ачылды. Кабарга караганда, кыздын ордуна пахта теримине чыккан кишиге ал кийин айтылган акчаны төлөп берген эмес. Студент кыз каза таап, апасы болсо азыр оор абалда ооруканада жатат.

Өзбекстанда быйылкы пахта териминде 10 адам түрдүү жагдайларда каза тапты. Өлкө бийликтери балдарды да теримге күчтөп чыгарышканы үчүн сындалып келет. Айрымдар өзүнүн ордуна пахта териш үчүн башка бирөөлөрдү жалдап иштетет.

XS
SM
MD
LG