Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Казак өкмөт башчысы Серик Акматов иш сапары менен келет


Казак өкмөт башчысы иш сапары учурунда Кыргызстандын бийлик башчылары менен жолугуп, Бажы биримдиги, кыргыз-казак чек арасы тууралуу сүйлөшөрү күтүлүүдө.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин журналисттерге маалымдаганындай, жолугушууда бир катар документтерге кол коюлат. Эки тараптын сүйлөшүүлөрүндө Таластагы Маймак өткөрүү бекетин Бажы биримдигинин жол картасына киргизүү маселеси, кыргыз-казак чек арасындагы Көк-Сай, Кичи-Капка талаштуу аймактары боюнча сөз болот.

Ошондой эле бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 4-отуруму ишин баштайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG