Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Кулов өзүнө коюлуп жаткан айыптоолор боюнча маалымат берет


“Ар-намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов 2006-жылы Улуттук гвардияга тиешелүү жер аянты имараттары менен “ЮНИС-Курулуш” фирмасына берилип кеткен факты боюнча өзүнө тагылып жаткан айып тууралуу журналисттерге түшүндүрмө бермекчи.

Апта башында Башкы прокуратура “коррупция” беренесинин негизинде Улуттук гвардиянын аймагына мыйзамсыз курулуш куруу жана тарыхый эстеликтерди мамлекеттик тизмеден чыгаруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун колу коюлган токтомдун негизинде берилген. Токтомдо №1 аскердик шаарчада жайгашкан казарманын, ашкананын, медициналык пункттун, чакан басмакананын имаратын, ага таандык болгон 1,6 гектар жер аянтын “ЮНИС-Курулуш” ишканасына өткөрүп берүү сунушталган.

Жогорудагы имараттар жана жер аянты 2007-жылдын январь айында Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан 32,5 млн. сомго арзандатылып, 46 млн. сом деп бааланган. Ал эми чынында ал кездеги базар баасы боюнча имараттар жер аянты менен 79, 1 млн. сом болмок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG