Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Америкадан белгилүү ырчы жана Путиндин жактоочусу Григорий Лепстин эмне себептен АКШга кире албоочулардын тизмесинде экенин тактап берүүсүн талап кылды. Адам укугу комиссары Константин Долгов Вашингтон бул боюнча кенен маалымат берет деген үмүтүн билдирди.
30-октябрда АКШнын каржы министрлиги КМШ жарандары түзгөн “Бир тууган чөйрө” деп аталган кылмыш тобу менен байланышы бар адамдардын жана ишканалардын тизмесин жарыялаган. Ал жерде ырчы Григорий Лепсверидзе да бар, анын АКШдагы бардык акчалай эсептери токтотулду. Ырчы өзүнүн сайтында муну “акылга сыйбаган кеп” деп сыпаттады.