Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Бишкекте Эл аралык органикалык форум ишин баштайт


1-ноябрдан тартып 3-ноябрга чейин "Кыргызстанда органикалык айыл чарба өндүрүшүн жана жашыл экономиканы өнүктүрүү" аттуу Экинчи улуттук органикалык форум өтөт. Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн табигый жана органикалык продукциянын салт болуп калган көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт.

Форумду Bio-KG Органикалык кыймыл федерациясы уюштурууда. Ага Органикалык азыктар боюнча дүйнөлүк Фонддун филиалы, Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) "Туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" программасы, "ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн", "Кристенсен" фонду, Борбор Азиядагы Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, "Ага Хан" фонду, USAID жана башка уюмдар колдоо көрсөтүшүүдө.

Экинчи улуттук органикалык форумдун алкагында органикалык кыймылдын колдоочулары фермерлер, жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттер мамлекеттик органдардын, эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен өлкөнүн биотүрдүүлүгүн сактоо максатында өлкөнүн органикалык дыйканчылыкка өтүү маселелерин талкуулашат.

Көргөзмөдө тамак-аш азыктары: бал, эт-сүт, мөмө-жемиштер, кыргыздардын салттуу көчмөн ашканасынын рецепттери боюнча талкандан жасалган азыктар, улуттук суусундуктар, тоо жемиштеринен жана мөмөлөрдөн кайра иштетилген продукция, оригиналдуу кол өнөрчүлүгүнүн буюмдары, топоздун эти жана башка көптөгөн азыктар коюлат. Көргөзмөгө Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан табигый, органикалык продукцияны өндүргөн 50гө жакын компаниялардын катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG