Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына он айда 2,5 миңден ашуун адам арызданган. Алардын ичинде жооптуу кызматтарда иштегендердин үстүнөн жазылган арыздар бар. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Арыздангандардын басымдуу бөлүгү (440) тартип коргоо органдарынын жана Чек ара кызматынын ишине нааразы. Андан кийинки орунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы турат. Аларга 284 арыз түшкөн. Ал эми билим берүү тармагына 183, сот системасына 106, каттоо кызматына 100, энергетика кызматкерлерине карата 95 адам арызданган.
Мындан сырткары Социалдык фонддун, тоо-кен, транспорт, мамлекеттик каттоо кызматынын ишине байланыштуу арыздар бар. Буга ылайык жалпысынан тогуз айда 50 кылмыш иши козголуп, айрым иштер тиешелүү мекеме, министрликтерге жөнөтүлдү. (КЕ)