Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Ташиев: БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылабыз


“Ата-Журт” фракциясынын мурдагы үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Жогорку Соттун өкүмүнө байланыштуу Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине жана башка эл аралык уюмдарга кайрылганы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев билдирди. Буга байланыштуу бардык дакументтер даярдалып, жакынкы күндөрү жөнөтүлөт.

Жогорку Сот өзүнүн чечиминде дарбазаны ашып түшкөндө куралчан болушкан деп жазып коюптур. Биздин куралдуу болбогондугубуз соттук териштирүүдө белгиленди. Бул бир да жерде катталган эмес. Курал болгон эмес. Жогорку Сот өз бийлигинен колдонуп, болбогон нерсени жазып, адамдын укугун бузуп жатышат. Эгер комитет оң чечим чыгарса, бул иш башынан каралып чыгат деп ойлойм”, - дейт Ташиев.

Былтыр күзүндө парламент жана президент отурган имараттын темир тосмосунан ашып түшүп, мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып боюнча 8 айдан ашуун УКМКнын тергөө абагында жаткан "атажуртчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 17-июнда шаардык сот актап, камактан бошоткон. 6-августта Жогорку Сот аларды күнөөлүү деп таап, ага ылайык БШК үчөөн депутаттык мандаттан ажыраткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG