Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Кыргыз-казак жолугушуусунда 8 маселе каралат


Бүгүн Бишкекте өтчү кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында негизги сегиз маселе каралат. Алар: экономикалык, өнөр жай, энергетикалык, газ, айыл чарба, чек арадагы көзөмөл жана транспорт маселелери. Мындан сырткары эки тарап айлана-чөйрөнү коргоо жана космос байланыштары жаатында кызматташтыкты да талкуулашат.

Ошондой эле Казакстандан кошумча төлөмү жок кара май ташып келүү, инвестиция боюнча кыргыз-казак фонду, Кыргызстандан сүттү жөнөтүүгө тоскоолдуктарды алып салуу, “Кыргыз темир жолунун” казактарга карызы, “Маймак” темир жол бекетиндеги абал тууралуу сөз болот.

Жыйындын соңунда эки документке, өкмөттөр аралык кеңештин төртүнчү жыйынынын протоколу, эки өлкөнүн каржы министрлеринин кызматташтыгы тууралуу бири-бирин түшүнүү меморандумуна кол коюлат.

Бүгүн Кыргызстанга расмий иш сапары менен Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов келди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG