Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Сарууда эл чогулууда


Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын тургундары айылдагы кырдаалды талкуулоо үчүн администрация алдына чогулууда. Учурда алардын саны 100гө чукул.

Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг уюштургандардын бири Замир Меңдибаевдин "Азаттыкка" айтымында, 30-ноябрда ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, митингди уюштургандардын башында турган Саламат Мадамбеков, Аблез Үсөнбаев жана Айбек Мажиковду милицияга өткөрүп берүүсүн талап кылган.

Болбосо ал аталган аймакка коменданттык саат киргизе турганын билдирген. Бүгүн жергиликтүү тургундар ушул маселени талкуулашат жана аты аталган адамдарды милицияга бербей тургандарын айтышууда. Бул маселе боюнча Жусубалиевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эмил Салиевдин "Азаттыкка" айтымында, милиция жетекчилиги митинг уюштургандарды тергөөгө катышууга чакырган. Бирок комменданттык саат тууралуу сөз болгон эмес.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, он бири УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Ошондон бери тургундар митинг учурунда камалгандарды бошотуу талабын коюп келишет. (КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG