Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Казакстанга эт азыктарын сатуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевдин “Азаттыкка” айтымында, учурда Казакстанга эт сатуу маселеси боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.
Казак тарап Чүй аймагында шарп ылаңы катталганы үчүн быйыл жыл башынан тартып Кыргызстандан эт азыктарын алууга тыюу салган. Узакбаев азыр кооптонууга негиз жок экенин белгиледи. Ал эксперттерден турган топтун өлкөдөгү эпизотикалык абалды текшерип кетүүсүн казак тарапка сунуштады.

Бүгүнкү кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешмесинде Кыргызстандан сүттү жөнөтүүгө тоскоолдуктарды алып салуу сүйлөшүлдү. Казакстан Кыргызстандан былтыр октябрь айында сүт алууну токтоткон. Буга Кыргызстанда малды идентификациялоо мыйзамы кабыл алынбаганын жана өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалдын начардыгы жүйө катары келтирилген.

Бир ай мурда Казакстан кыргызстандык жети компаниянын сүт азыктарын алууга уруксат берген. Учурда "Шин-Лайн", "Тууганбаев", "Эмилия", "Алымкан" жана "МИС" компанияларынын азыктарына уруксат алуу маселеси каралып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG