Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:43

Тажикстанда социал-демократтар шайлоого бойкот жарыялашты


Тажикстанда оппозициялык Социал-демократиялык партия 6-ноябрга белгиленген президенттик шайлоого бойкот жарыялады. Партиянын бүгүнкү билдирүүсүндө шайлоо өнөктүгү “Конституциянын орой бузулушу” менен өтүп жатканы, “бийлик органдары көз боёмочулукка жол берип жатышканы” айтылат.

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерге сырттагы мигранттардан кол топтоого уруксат бербегени үчүн сындалды. Буга чейин оппозициянын жалгыз талапкери Ойнихол Бобоназарова талапкер болуп катталыш үчүн жетиштүү кол топтой албай, шайлоого катыша албай калган. “Азыркы мамлекет башчы Эмомали Рахмон менен бирге шайлоого катышып жаткан беш талапкер эч кимге белгисиз болгону менен, баары бир жетиштүү кол топтой алышканы” белгиленди.

XS
SM
MD
LG