Курмандыктардын көпчүлүгү шиит мусулмандары экени айтылууда. Болан районунда адамдар көмүр шахтасына ишке бараткан жерде куралчандар алардын машинесине чабуул коюшкан. Бир киши жаракат алды. Эч ким бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.
Пакистандагы азчылыкты түзгөн шииттер Балужистанда соңку жылдары түрдүү чабуулдарга кабылып келишет. Көбүнчө бул үчүн “ал-Каида” менен байланыштагы “Лашкар-е-Жагви” деген козголоңчулардын тобун күнөөлөп жүрүшөт.
Мындан сырткары региондун мунай, газ жана минералдык байлыктарынан түшкөн кирешенин көпчүлүк бөлүгүн өзүндө калтырууну жактаган сепаратисттер да Балужистанда үстөмдүк кылышканы белгилүү.