Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Бүгүн маданият кызматкерлеринин күнү


Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатышат. Бул күнгө байланыштуу салтанаттуу иш-чара 1-ноябрда Бишкектеги Улуттук филамонияда өттү, бир катар маданий ишмерлерге сыйлыктар тапшырылды. Маданият ишмерлерин кечээ президент баш болгон мамлекет жетекчилери куттукташкан. Анда мамлекет башчы маданиятка болгон мамилени өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.

1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин “Кайгылуу Какей” аттуу драмасы коюлган. Бул датаны эске алуу менен 1995-жылы кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу токтом чыгарган.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдары маданият тармагы өтө начар абалга кептелген болчу. Эми гана оңоло баштаганын байкоочулар айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG