“Эйр Кыргызстан” компаниясы ички каттамдар үчүн жаңы 99 орундуу RJ-85 үлгүсүндөгү учак сатып алууну көздөп жатат. Аталган компаниянын вице-президенти Кайрат Итибаевдин “Азаттыкка” айтымында, жаңы учак ушул жылдын соңуна чейин алып келинет. Азырынча ал Бишкек-Баткен каттамына колдонулат. Аталган учактын баасы 4 млн. долларга жакын.
“Ички каттамдарга чаканырак учактардын көбүрөк болгону жакшы болмок. Азырынча бирөөнү алып жатабыз. Бул Баткенге учат. Келечекте анын башка да мүмкүнчүлүктөрү каралып, каттамдарын кеңейтишибиз мүмкүн. Мындан сырткары чоңурак, 256 орундуу "Аэробус-320" же "Аэробус-340" үлгүсүндөгү учагын сатып алганы жатабыз. Аны кийинки жылдын жаз айларында алып калабыз деген пландар бар”, - дейт Итибаев.
Буга чейин Ан-24 үлгүсүндөгү учактар Кыргызстандагы бир нече аба каттамдарынан алынып, Бишкек - Исфана - Бишкек, Бишкек - Баткен - Бишкек жана Бишкек - Жалал-Абад - Бишкек каттамдары боюнча гана учуп жаткан болчу. Коопсуздук талаптарына жооп бербей калгандыктан кыргыз өкмөтү 2012-жылдын башынан тарта Ан-24 үлгүсүндөгү учактарды өлкө аймагында пайдаланууга тыюу салган. (КЕ)