Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Администрацияга мыйзамсыз киргендердин соту кийинкиге калды


Жалалабаддык Медер Үсөнов, Жеңишбек Токторбаев, Шаирбек Ташиев жана Абдисатар Сыргабаевдин үстүнөн жүргөн сот 5-ноябрда уланмай болду. Буга алардын жактоочусу Турат Сулаймановдун өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматовду, облустук ички иштер башкармасынын мурдагы башчысы Нурдин Маликовду күбө катары сотко чакыруу өтүнүчү себеп болду. Аты аталган адамдар быйыл 31-майда облустук администрацияга киргени үчүн Кылмыш кодексинин 295-297-беренелери боюнча айыпталууда.

Жактоочу Турат Сулайманов айыптуулардын күнөөсүн бир да күбө буга дейре далилдей албагандыгын белгиледи. Мамлекеттик айыптоочу Абдыманап Темиркулов соттолуучулардын күнөөсү тасмада ырасталганын, негизги күбөлөрдүн суралганын белгилөө менен аталган жетекчилерди чакыртуунун зарылдыгы жоктугун айтты. Бирок шаардык соттун судьясы Токтосун Жоробеков анын сунушун четке кагып, прокурорго жактоочу өтүнгөн жетекчилердин сотко келүүсүн камсыздоону тапшырды. Сот шаардык соттун имаратында өттү. Кечээ кесиптик майрамына байланыштуу облустук ички иштер башкармасы сотту өз имаратында өткөрүүгө макул болгон эмес. (YA)

XS
SM
MD
LG