Резолюциянын авторлору ага катар дүйнө өлкөлөрүн адамдын эл аралык мыйзам кепилдеген купуялуулукка болгон укугун коргоого, БУУнун Башкы ассамблеясын документти кабыл алууга чакырууда.
Башка ассамблеянын Адам укуктары комитетине кечээ берилген резолюция долбоору келерки айда талкууланат деп күтүлүп жатат.
Германия менен Бразилиянын мындай демилгеси Кошмо Штаттар чет өлкөлүк лидерлерди, анын ичинде немис канцлери Ангела Меркел менен Бразилия президенти Дилма Русефди да тыңшаган деген маалыматтардан кийин чыкты. Бул маалыматтар АКШнын Улуттук чалгын агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден тараткан документтерден алынган.
Сноуден АКШ өкмөтүнүн телефон сүйлөшүүлөргө жана интернет байланышка байкоо салуу программаларынын чоо-жайын жарыялап жибергенден кийин быйыл июнда Орусиядан саясий башпаанек тапкан. (UE)